Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:04
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Шайлоо-2020: Россия жана Казакстанда жашаган кыргызстандыктар эми БШКга акысыз чала алышат

24.08.2020 13:23
918
Шайлоо-2020: Россия жана Казакстанда жашаган кыргызстандыктар эми БШКга акысыз чала алышат


Эми Россия менен Казакстанда жашаган жана шайлоо маселелери менен жол-жоболору боюнча маалымат алууну каалаган Кыргызстандын жарандары БУУнун Өнүктүрүү Программасы менен өнөктөштүктүн алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын колл-борборунун ыкчам байланышына акысыз чала алышат.   Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, колл-борбордун максаты – өлкө аймагынан тышкары жашаган Кыргызстандын жарандарын шайлоо маселелери жана жол-жоболору: биометрикалык каттоо, консулдук эсепке алуу, шайлоочулардын тизмесине киргизүү жана добуш берүү участкалары жана башка боюнча кеп-кеңештерди берүү жолу менен шайлоо процесстерине кеңири аралаштыруу болуп саналат.


БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2020-жылы шайлоо өткөрүүдө түз байланыш боюнча маалымат берүү маанилүү экенин белгилеп: «Жарандарыбыздын чет өлкөлөрдөгү добуш берүү процессине катышуусун активдештирүү биз үчүн абдан маанилүү. Жарандарды кызыктырган ар кандай суроолорго жооп алууга мүмкүндүк берген ыкчам байланышты түзүү жарандардын шайлоо процессинин жүрүшү жана ага катышуу эрежелери, ошондой эле шайлоого катышкан талапкерлер жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жолдорунун бири болуп саналат. Маалымдуулукту арттыруу – чет өлкөлөрдөгү жарандардын добуш берүүгө катышуусун жогорулатуу үчүн зарыл болгон маанилүү шарттардын бири болуп эсептелинет», - деди. 


Өзгөчө маанилүү нерсе – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, пенсионерлер, жаштар жана ар кандай этностук топтордун өкүлдөрү колл-борбордун операторлору катары ишке тартылган.  Алардын катышуусу БУУӨП долбоору тарабынан камсыздалган. БШКда алар үчүн атайын окутуп-үйрөнүү курстары уюштурулган. 


Шайлоо маселелери жана жол-жоболору боюнча кеп-кеңеш алуу үчүн номерлер: 8 10 800 0000 5727 (Казакстандан) жана 8 800 3018318 (Россия Федерациясынан).



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн