Саат 14:00гө карата Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде 990 миң 492 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, саат 14:00гө карата добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын 28,11%ын түзөт.
"Бишкекте 136 миң 804, Ош шаарында - 63 миң 415, Жалал-Абад облусунда - 194 миң 447, Ысык-Көл облусунда 74 миң 5, Нарын облусунда - 51 миң 77, Ош облусунда - 194 миң 210, Баткен облусунда - 75 миң 82, Талас облусунда - 44 миң 486, Чүй 156 миң 966 шайлоочу добуш беришти", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн