Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 23:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Шайлоо: 4 партия добуштары уурдалганын айтып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылды

29.11.2021 08:37
923
Шайлоо: 4 партия добуштары уурдалганын айтып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылды

Жогорку Кеңештин шайлоосунун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгон 4 партия биргелешкен кайрылуу жасады. 


Маалыматка ылайык, 4 партия биргелешкен кайрылуусунда Министрлер кабинетинин отставкасын талап кылды.


“Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан Өмүрбек Текебаев, Клара Сооронкулова, Али Токтакунов, Тилек Токтогазиев, "Социал-Демократтар" партиясынан талапкер Рыскелди Момбеков, “Азаттык” партиясынан Исмаил Исаков, жана “Улуттар Биримдигинен” Мелис Мырзакматов, Артур Медетбеков, Эржан Кайыпов  биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.


Алар 3 негизги талапты коюшту. Биринчиден, шайлоо жыйынтыгын таныбоо, экинчиден, кайра таза шайлоо өткөрүү. Ошондой эле Министрлер кабинетинин отставкасын талап кылды.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Токтогуль
Текебаев,Момбеков,Али Токтакунов элге оз кызыкчылыгын тануулабасын,буларды Эл колдобосун дагы бир жолу шайлоо тастыктады.