Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 12:35
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Шайлоо: Бир жылдан бери шайлоочулардын катышуусу төмөндөп, жараксыз бюллетендердин саны өскөн

29.11.2021 14:22
491
Шайлоо: Бир жылдан бери шайлоочулардын катышуусу төмөндөп, жараксыз бюллетендердин саны өскөн

Кыргызстандыктар шайлоо жыйынтыктарына ишенбей калдыбы же талапкерлер менен Борбордук шайлоо комиссиясы жакшы иш алып бара албай жатабы? Айтор, өлкөдө бир жылдан бери өткөн шайлоолордо шайлоочулардын катышуусу уламдан улам түшүп бара жатат.


Салыштырып көрөлү, 2020-жылдын 4-октябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын 56 пайыздан ашыгы добуш берген. Тагыраагы ал шайлоода бийликтин алмашышын а себеп болгон "форма-2" колдонулган. Бул шайлоодо 28289 бюллетень жараксыз деп табылган.


2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо шайлоочулардын 40 пайызга жакыны добуш берсе, 63 793 бюллетень жараксыз деп табылган.


2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо добуш берүүгө катышкан шайлоочулар араң 30 пайыздан ашты. Ал эми жараксыз бюллетендердин санына токтолсок ар 10 адамдын бири же бюллетендердин 116 миңден ашыгы жараксыз деп табылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн