Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Шайлоо: Саат 10:00гө карата шайлоочулардын 2,91 пайызы добуш берди

28.11.2021 11:06
533
Шайлоо: Саат 10:00гө карата шайлоочулардын 2,91 пайызы добуш берди

Бүгүн, 28-ноябрь саат 10:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо партияларга 107 миң 852 жаран добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди.


Анын айтымында, ал жалпы шайлоочулардын 2,91 пайызын түзөт. Шайлоочулардын тизмесине жалпы 3 млн 703 миң 420 жаран киргизилген.


Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдарында 103 миң 332 шайлоочу (2,86%) добуш берди. Бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 619 миң 292ни түзөт.


Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дөн баштап өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн