Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 18:41
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Шайлоо алдында добуш берүүнүн стратегиясы өркүндөтүлүүдө

12.03.2020 08:59
928
Шайлоо алдында добуш берүүнүн стратегиясы өркүндөтүлүүдө


Шайлоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясына ылайык келтирилүүдө, деп билдирди Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.


Демилгечилердин бири Аида Исмаилова Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясы кабыл алынганын, анда мыйзам бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу натыйжалуулугун жогорулатуу, жарандардын шайлоо укуктарын коргоо милдети камтылганын, ошондон улам мыйзам бузуу жосундары үчүн жоопкерчилик чаралары каралган мыйзам долбоору сунушталып жатканын билдирди.


Сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алуу шайлоо тутумун жана жалпысынан мамлекетти  таза, демократиялык шайлоолорду өткөрүү жолунда өркүндөтүүнүн маанилүү кадамы болуп саналат. 


Мыйзам долбоорунун негизги максаты - шайлоочулардын эрк билдирүүсүн бурмалаган аракеттерди болтурбоо, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жазанын шексиздигин камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн