Баш оона 22, 2025
Убакыт: 02:02
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Шайлоо алдындагы "жымжырттык күнү" башталды

03.10.2020 10:58
1285
Шайлоо алдындагы "жымжырттык күнү" башталды


Парламенттик шайлоо алдындагы "жымжырттык күнү" 3-октябрда эртең менен саат 8:00дө башталды. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул күнү партиялар жана талапкерлер үгүт иштерин жүргүзө албайт.

16 партия ат салышып жаткан шайлоо 4-октябрда өтөт. Добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалды, анын 35и чет мамлекеттерде.

Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн