Бугу 08, 2024
Убакыт: 11:51
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Шайлоо алдындагы убадаларды мыйзам менен коргосок болобу?

30.03.2021 11:10
486
Шайлоо алдындагы убадаларды мыйзам менен коргосок болобу?

Туура 12 күндөн кийин жергиликтүү кеңештердин шайлоосу өтөт. Учурда бул шайлоолорго карата партиялардын үгүт иштери өтө кызуу жүрүп жаткан кез. Өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык кеңешине келүүнү каалаган партия өкүлдөрүнүн берген убадалары коомчулуктун кулагын сүйүндүрүп турат.


Жыл башында президенттик шайлоо өттү. Анда да ат салышкан талапкерлер тарабынан кат-кат убадалар берилген. Күз айларында Жогорку Кеңештин шайлоосу өтөөрү белгилүү. Демек, ага катышууну пландап жаткан саясий партиялар дагы жаңы убадаларды даярдап жатышканын түшүнө берсек болот.


Жакшы сөз жан эргитет. Жакшы убадалардын таасири андан да эки эсе күчтүү. Убадалардын жарышынан кимиси алдыга озуп чыкса, ошонусу көбүрөөк мандатка ээ болот. Мамлекеттин экономикасын көтөрүп, элдин жашоосун беш жылда бир топ алдыга жылдырып салаарын айтып жаткан талапкерлерге ишенгиң келет. Ишенип да алабыз. Натыйжада кийинки шайлоого чейин «убадалар качан аткарылар экен?» деген күтүү менен жашайбыз. Ошентип 30 жылдан бери шайлоо алдында убадаларга кекиртектен тоюп келатабыз. Ошол убадалардын жок дегенде жарымысы аткарылган болсо, бүгүнкү Кыргызстан жок дегенде коңшулаш мамлекеттерден ат чабым алдыда болушу керек эле.


Тилекке каршы, ал убадалар талапкерлерди депутат кылганы менен, мамлекетибизди өнүктүрө албай келатат. Парламентке, же жергиликтүү кеңештерге барып алган партиянын өкүлдөрү өздөрү берген убадаларды дароо унутта калтырат. Коомчулук анда-санда алардын убадаларын эстерине салуу аракетин көргөнү менен майнап чыкпайт. Ушундан улам убадалардын аткарылышын камсыздай турган сунуш айткыбыз келип турат.


Учурдагы Жогорку Кеңештин депутаттары күз айларына чейин «Шайлоо алдында берилген убадалардын аткарылышын камсыздоо боюнча» мыйзам долбоорун жазышса, анан аны кабыл алып беришсе деген сунуш бар. Муну жазып, үч окуудан кабыл алып, президенттин кол коюсуна жөнөтүүгө убакыт толук жетиштүү. Анан ошол мыйзамдын негизинде кайсыл партия кандай убадаларды бергени атайын тизмектелип жазылып, анан беш жыл ичинде алардын кандайча ишке ашып жатканы көзөмөлгө алынса. Жогорку Кеңештин депутаттары өз мөөнөтүн аяктап баратканда, партиялар беш жыл мурун кандай убадаларды бергенин, алардын кайсылары аткарылганы боюнча коомчулуктун алдында, парламент трибунасынан отчет беришсе туура болмок. Эгер кайсы бир убада аткарылбай калса, анын себебин да түшүндүрүү зарыл. Жүйөөлүү себеп болбосо, демек мыйзамга ылайык катаал жоопкерчилик каралышы керек. Мыйзамда кандай жоопкерчилик карала турганы да так көрсөтүлүшү керек.


Бул мыйзам кабыл алынса, анда партиялардын ортосунда «Асмандагы айды, көктөгү күндү» алып беребиз деген сыяктуу ашыкча апыртма убадалардын жарышы да токтойт. Алар өздөрүнүн колунан келе турган, ишке ашыра ала турган убадаларды бере баштайт. Экинчиден, берген убадаларды аткарбай койсо деле болот деген жоопкерчиликсиз мамиле токтойт.


Беш жылдык мөөнөтү тарыхый кырдаалга байланыштуу алты жылга узарган 6-чакырылыштын депутаттары ушундай мыйзамды кабыл алууну колго ала алышаар бекен?


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн