Бугу 05, 2024
Убакыт: 18:37
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн 210 ЖМК каттоодон өттү

28.07.2020 09:17
1598
Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн 210 ЖМК каттоодон өттү


Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кечээ, 27-июлдагы жыйынында 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштерине катышуу үчүн массалык маалымат каражаттарын жана интернет-булактарын аккредитациядан өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды.


Боршайкомдун басма сөз кызматы билдиргендей, жалпысынан 210 ЖМК каттоодон өткөн. Алардын ичинен 57си телекомпания, 52 гезит жана журналдар, 26 радио, ошондой эле 75 интернет-басылмасы.


Үгүт иштери үчүн эфирдик убактыларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана интернет булактарына материал жайгаштыруу үчүн маалыматтык аянтчаларга төлөмдөрдүн өлчөмү жана башка шарттары тууралуу маалыматтар БШКнын расмий сайтына жайгаштырылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн