Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 16-июндагы жыйынында “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамынын долбоорун үчүнчү окуудан карады.
ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзамдын 64-беренесинде каралган пайыздык тосмону төмөндөтүүгө багытталган. Саясий партиялардын Жогорку Кеңешке өтүшүү үчүн шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга чейин төмөндөтүү сунушталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн