Бугу 13, 2024
Убакыт: 18:22
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Шайлоо босогосунун төмөндөгөнү маселе чечпейт

13.11.2020 12:02
451
Шайлоо босогосунун төмөндөгөнү маселе чечпейт


Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ««Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга 11-ноябрда кол койду. Андагы эң негизги киргизилген өзгөчөлүк – бул шайлоо күрөөсүн 5 миллион сомдон 1 миллион сомго жана шайлоо босогосун 7 пайыздан 3 пайызга түшүрүү болду.


Мына ушул 7 пайызды 3 пайызга, 5 миллион сомду 1 миллион сомго түшүрүү менен парламентке жаш жана жаңы муундардын келиши камсыздалат дегендей пикирин айтты С. Жапаров 12-ноябрда өткөн маалымат жыйынында. Албетте, пайыздык көрсөткүчтөрдүн төмөндөтүлүшү саясий партиялардын парламентке келишин жеңилдетет. Бирок, парламентте орун чектелүү экенин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мындан сырткары али кубанууга эрте экенин эскертип турган дагы бир жагдай бар.


2021-жылдын 10-январында өлкөбүздө президенттик шайлоо өтөт. Эгерде бул шайлоодо Садыр Жапаров жеңишке жетип, президент болуп келе турган болсо, анда ал конституциялык реформа жасай турганын айтып келет. Кечеги маалымат жыйынында да бул тууралуу айтты. Бүгүнкү күндөгү 120 депутаттын ордуна конституциялык реформадан кийин 90 депутаттык орун гана калат. С. Жапаровдун айтымында анын 35и бир мандаттуу шайлоо менен келсе, 55и партиялык тизме менен келиши керек.


Бир мандаттуу шайлоолор кандай өтөөрүн биз буга чейинки тарыхыбыздан жакшы билебиз. Шайлоонун үгүт кампаниясы үчүн эле өтө чоң суммадагы каражат керек. Демек, бир мандаттуу шайлоого капчыгы калыңыраактар гана катыша алат. Ошентип 90 депутаттык орундун 35ин кайра эле баягы олигархтар, бизнесмендер басып жыгылат. Калган 55 депутаттык мандат акчасы жок, жөн гана билимине, жаштыгына, курчтугуна таянган жаңы жүздөргө тийет деп турсаңыз жаңыласыз. Себеби, олигархтарды, бай-манаптарды шайлоого катышуу укугун эч ким чектеген эмес. Ошолор эле кайрадан саясий партиялардын тизмесиндеги алдыңкы орундарды ээлеп алат. Ар бир партиянын алдыңкы 10дугун эле (6 эле партияны алалычы) олигархтар ээлеп алды дейли, ошондо 55 мандаттан акчасы жок жаштарга канча орун калышы мүмкүн? Кубанбай тургула дегенибиз ушул да.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Айнура
Садыр Жапаровту колдойм
Таа
Негизи таза отпойт.