Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 04:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Шайлоо ыплас өтүп жатат. Мелис Мырзакматов Садыр Жапаровго кайрылды

11.04.2021 17:51
951
Шайлоо ыплас өтүп жатат. Мелис Мырзакматов Садыр Жапаровго кайрылды

"Улуттар Биримдиги" саясий партиясынын лидери Мелис Мырзакматов президент Садыр Жапаровго кайрылды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо процесси ыплас мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын айтты.


Мырзакматовдун байкоосуна караганда, бүгүн саат 14:00гө карата Ош шаардык кеңешиндеги шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолууда.


Анын пикиринде, фактылардын баары Ош шаарынын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү кандай жол менен болсо да, бир партиянын кызыкчылыгын көздөп, бийликти максаттуу түрдө сактап калууга аракет кылып жаткандыгын көрсөтөт.


«Админресурс колдонулуп жатканы, добуш сатылып жатканы тууралуу социалдык тармактарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында фото, видео жана башка толтура маалыматтар тарап жатат. Бул жагдай тилекке каршы, 2020-жылы 4-октябрда өткөн «бандиттик шайлоолорду» эске салууда.


Бирок жергиликтүү бийлик бул мыйзам бузууларга жол бербей койгондун ордуна өздөрү да мыйзамсыздыктын демилгечилери болуп жатат. Тийиштүү органдар күтүү режиминде болуп, эч кандай чара көрбөй жатат.


Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү бийлик органдары басым кылууда.


Бул фактылардын баары Ош шаарынын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү кандай жол менен болсо да бир партиянын кызыкчылыгын көздөп, бийликти максаттуу түрдө сактап калууга аракет кылып жаткандыгын көрсөтөт.


Жогоруда айтылгандардын негизинде, мыйзамдуулукту калыбына келтирүү жана шайлоо жараянын мыйзамдуулукка кайтаруу боюнча тез арада чараларды көрүүнү суранам».


Бүгүн Кыргызстанда 448 жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө.


Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга добуш берүү да жүрүп жатат. Ага жалпы шайлоочулардын 30%ы катышса, референдум өттү деп эсептелет.


Ош шаардык кеңешине өтүп жаткан шайлоого 9 партиядан 701 талапкер катышууда

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Мир
Ыплас отуп келген ото берет шайлоосу ыплас.Кайгылуусу ел сатылганга дайым даяр.
Мир
Акылына келбеди булар.Таза отот деп ооз коптурду еле бироолор