Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, шайлоонун алгачкы жыйынтыгын түз эфирден расмий жарыялады. Анда айтылган маалыматка ылайык, добуштарды автоматтык эсептөөгө 10 өлкөдөн 130 кибер чабуул катталган.
Ал эми, кечки 20:00гө карата АСУдан, алдын ала алынган маалыматка ылайык, партиялар төмөндөгүдөй натыйжага ээ болушкан.
Бишкек шаардык кеңешине 18 партия ат салышып, 6 партия босого баллдан жогору добуш чогулткан.
Эмгек — 18,23 %
Ишеним 12, 47 %
Ата-Журт Кыргызсьан 14,11 %
Ынтымак — 10,81 %
Социалдык демократия — 8,13 %
Өнүгүү прогресс — 8,11 %
Ош шаардык кеңешине 9 партия катышып, 4 партия босого баллдан өттү.
Ата-Журт Кыргызстан — 38,73 %
Биздин Кыргызстан — 32,06 %
Улуттар Биримдиги — 15,35 %
Бир Бол — 8,57 %
Токмок шаардык кеңешине 6 партия катышкан болчу, бир гана Ата-Журт Кыргызстан партиясы босого баллдан өтпөй калды.
Эмгек -24, 82 %
Бирге- 28, 27 %
Асыл мурас жаштар — 16,66 %
Патриоттор ынтымагы — 13,69 %
Эл биримдиги — 12,13 %
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматына ылайык, бюллетендер 24-июлга чейин колго эсептелип, так саны айтылышы керек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн