Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 08:23
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Шайлоо күнү мага Кыдыр ата жолуктубу...

11.01.2021 01:04
748
Шайлоо күнү мага Кыдыр ата жолуктубу...



2020-жылы 5-октябрдагы шайлоодо "Биримдик" менен "Мекеним Кыргызстан" партиялары парламенттен 90дон ашуун мандатты утуп алганын мен да, ошол кезде мамлекеттик кызматкер болгонума карабастан, тааныган эмесмин.  Бүгүн тааныдым.


Калың элдин маанайы канча чырылдап, канча дебаттарды өткөрсөң деле өзгөрчүдөй эмес. Парламентаризмден башка жол жок дедик, хан, дедик, ханституция дедик, болбой эле элибиз жаңы "хан", жаңы "ханституцияга" добуш берип салды. 


Жеңилген тараптан 67% эл шайлоого келбей койду, демек шайланган президентке ишеним аз деп атышат.  Жок шайлоону фейктер кылды ишенбейм, тааныбайм деп башкы атаандаш көгөрүп туру. Сынчылардын көбү: көрөбүз, бюджетте акча жок, команда жок, чылгый аферисттердин жана кошоматчылардын  торунда калды, көп чыдабайт, жакында эле жели чыгат деп, күбүрөнүп өздөрүн сооротушат. 


Бүгүн эртеменен Көк-Жар айылынан мен да добуш бермекке жолго чыгып кызыктай окуяга туш келдим.  Ылдый жактагы Көлмө конушунан шайлайт элем, ала кет деп бир ак калпакчан абышка жолдо кол булгалайт. Өңү тааныш.  Шашып баратканыма карабастан машинеме олтургузуп алып кепке тарттым: 


 - Каякка жол тарттыңыз,  аксакал?

  -  Көлмөгө баратам. Садыр Жапаровго добуш берип келем! Бүгүн машрутка жок, айнанайын, ырас болбодубу. 


  - А эмнеге Садыр? Башкага эмес? (Бро, дегим келди). 

  - Билбейм. Эл айтып атат го, ошол жигит таза деп. Таза болсо, демек биздин жашоо оңолот да! 


  - А берки жагына кандай добуш бермекчисиз, аксакал?

  - Президенттик, айнанайын. 


  - Себеп?

  - Депутаттарыңды көрдүк го. Колдорунан эчтеме келбейт экен. 


  -  Аксакал, канча президентти качырдык? Оор күндөрдө ошол депутаттар жаман-жакшы сөз угуп болсо да иштеп атпайбы? Дагы бир президенттин бизге не кереги бар?

  - Билбейм, айнанайын. Тээтиги жерден мени түшүрүп койчу. Сен башканы шайлайт окшойсун, мен Садыр баламды шайлайм. Рахмат, айнанайын...


Кызырбы дейин десем, жөнөкөй эле тиштери түшкөн, арык, түйшүкчүл айылдык абышка. Чын эле ал айткандай, жаш ишмер Элдар Абакировго, башкаруу формасын болсо парламентикке добуш берип кайттым. Жубайым Клара Сооронкулованы тандаптыр. Айылдагы ата-энем болсо Садыр Жапаровго батасын берген көрүнөт, улам эле куттуктаган смстерди жиберип жатышат. 


17 талапкердин ичинен кайсы бир сапаттары менен жаккандары көп. Эгер шайлоого кайдыгер карагандардын да бюллетендерин мага берип койсо, Клара Сооронкулова, Улукбек Кочкоров, Мыктыбек Арстанбек, Бактыбек Калмаматов, Равшан Жээнбеков, Каныбек Иманалиевдерге бирден добуштарды бермекмин. 


Ушул маалда жапжаңы президент Садыр Жапаровдун миңдеген жактоочулары аянтта концерт коюп, салют атып атышса керек. Табышмактуу карыя болсо, эми кыргызым оңолот, эми өлсөм арманым жок деп, көзүнө жаш алып, Садыр уулуна улам-улам батасын берип, жылуу төшөктө, чыныгы бакыттын, чыныны жеңиштин даамын сезип жатса керек. 


Мен болсо, чыгаан ишмер, Ай десең Айда жок, Күн десең Күндө жок акылдуу агайым Адахан Мадумаровдун жактоочулары менен бирдей сезимде, жеңилүү ызасын тартып, туздалган куруттан улам бирди оозго салып коюп олтурган маалым. 


Эмнеси болсо да элдин тандоосун сыйлашыбыз керек.    Садыр Жапаровду жөнөкөй эл шайлады,  умай энелердин, кызырдай болгон аталардын батасы менен эл башына келди.  Алдыбызда дагы далай кыйын ашуулар турат. Тумандын артында эмне жатканын бир Кудай гана билет. Жанагылардын жаңы президент көп өтпөй эле жарга кулайт, чалынат, жыгылат деген сөздөрү, ылайым эле, калп болсо экен... Деген ойлор басат... 


Бүгүн, 11-январь, 2021-жыл, түнкү 12:47...


Ибраим Нуракун уулу, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн