Рахманкулов Алмазбек Лейлек районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу редакциябызга ишенимдүү булактар Президент Садыр Жапаровдун чечими чыкканын билдирди.
Маалыматка ылайык, президенттин чечимине ылайык, Рахманкулов 1-декабрдан тарта акимдик милдетин аткара баштаган.
Ал эми Министрлер Кабинетинин төрагасынын 27-октябрдагы аны кызматтан четтетүү жөнүндө чечими жокко чыгарылган.
Эскерте кетсек, 27-октябрда Акылбек Жапаров шайлоо иштерине кийлигишти деген жүйөө менен Алмазбек Рахманкуловду убактылуу кызматтан бошоткон.
Пикирлер (3)