Бугу 05, 2024
Убакыт: 21:25
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

28.07.2020 08:26
783
Шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди


Президент Сооронбай Жээнбеков «Шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамдын максаты шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын-алуу, бөгөт коюу механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жакшыртуу болуп эсептелет.

Аталган мыйзам 2018-жылдын 13-августундагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин VII жыйынында кабыл алынган 2018-2020-жылдарда шайлоолор жөнүндө КР Шайлоо жөнүндө мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясында каралган милдеттерди ишке ашырууга багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн