Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 17:15
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Шайлоо мөөнөтү создуктурулса, криминалдар бийликке келүү аракетин күчөтөт

16.07.2020 17:04
1963
Шайлоо мөөнөтү создуктурулса, криминалдар бийликке келүү аракетин күчөтөт


Көз карандысыздык алганыбыздан бери карай биринчи ирет шайлоо мөөнөтүнө байланыштуу талаш-тартыш жагдайы жаралды. Парламенттик шайлоо мамлекет башчысынын жарлыгы менен ушул жылдын 4-октябрына белгиленген. Ошону менен катар эле шайлоо мөөнөтүн коронавирус пандемиясына байланыштуу жылдыруу керек деген пикирди айткандар, ал тургай талап койгондор пайда болду.


Туура айрым депутаттар айтып жаткандай шайлоо мөөнөтүн жылдырса болот, бирок ал үчүн өлкө боюнча өзгөчө абал режими күчүндө болушу шарт. Андан башка жол жок. Мындай абалда каникулдагы парламенттин курамы дагы бир топко чейин иштеши керек болуп калат.


Эгерде парламенттин азыркы курамы дагы бир топ убакытка чейин калса, ал мамлекетибизге азыркы тапта өтө зарыл болуп турган эффективдүү жана иштей турган чечимдерди кабыла алып бере алабы? Ансыз да ар кандай аталыштар менен шакабага айланып кеткен бул чакырылыш узартылган мөөнөтүн деле буга чейинки жүрүшү менен эле жыйынтыктай турганы түшүнүктүү. Активдүү, чечкиндүү жаңы депутаттардын келиши жана жаңы өкмөттүн куралышы үчүн албетте шайлоо аркылуу парламент жаңырышы керек.


Азыр айрымдар «Шайлоону бир аз убакыт жылдыра туруш керек, ага корой турган каражатты эпидемия менен күрөшкө жумшоо маанилүү» деп айтып жатат. Макул, шайлоону эки жумага же эки айга узартып коелу, бирок баары бир ал шайлоону өткөрүү үчүн деле каражат сарпталат. Экинчиден, эки жумада, же эки айда эмне өзгөрөт? Божомолдор боюнча эпидемия дагы бир топ убакытка чейин созулушу мүмкүн. Балким, дагы бир жыл убакытты алат. Ошондо шайлоону эки жума, же эки айга узартуунун мааниси калабы? Ал эми ага сарптала турган каражаттан эч кайда кача албай турганыбыз түшүнүктүү болбодубу.


Ансыз деле өлкөдөгү өзгөчө кырдаал экономиканы бир топ алсыздантты. Базарлар, соода түйүндөрү, ишканалар кадимки режиминде иштей албай жатат. Ага жараша калктын да жашоо-тиричилигинде кыйынчылыктар байкалууда. Эгер анын үстүнө кошул-ташыл кылып өзгөчө абал режимин бир нече айга киргизе турган болсок, анда өлөсөлүү экономиканын «жаназасын» окуп калышыбыз мүмкүн.


Кээ бирлер айрым чектөөлөр менен өзгөчө абал жарыялаш керек дешет. Анын кандай зарылчылыгы бар экени да анчейин түшүнүксүз. Бизде азыр ансыз деле айрым чектөөлөр орун алып турбайбы. Массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө бар, окуу жайлары иштебейт, бет кап тагынып жүрүү милдеттүү, коомдук транспорттор да чектелген убакыт менен жүрөт. Борбор калаабызда күндүзү көчөдө сейрек гана адамдар жүрүп калды. Демек, өзгөчө абалы жок эле адамдар өздөрү саламаттыгы үчүн үйлөрүнөн чыкпай калды.


Өзгөчө абал качан керек? Эгерде мамлекет баарыбызды үйлөрүбүзгө камап, бардык ишканаларды жаап кое турган болсо кана. Ошондой режимди азыр өлкө экономикасы көтөрө алабы? Элдин жашоо абалы кандай болот? Жаз айларында ошондой режимде жашап көрдүк, эл катуу кыйналып кетпедиби. Күнүмдүк оокатын күнүгө таап жегендердин абалы кыйла оорлошподубу.


Андан көрө мамлекеттин мажбурлоосу жок эле эл өзү талаптарды туура аткаруу менен вирустан сактануунун жолуна түшкөнү кыйла эффективдүү. Азыр биз дал ошол жолду түшүнүп калдык. Адамдар пандемиянын таасири кандай болуп жатканын көздөрү менен көрүп, талаптарды туура аткаруу менен жашап калды.


Дагы бир айтылып жаткан сунушка көңүл буралы, шайлоону азыр өткөрбөй туралы, бирок аракеттеги парламентти мөөнөтү аяктаганына байланыштуу таркаталы деген. Анда кандай болуп калат? Мамлекет өтө маанилүү мамлекеттик институтунан – мыйзам чыгаруучу жана көзөмөлдөөчү органынан ажырайт. Себеби, Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алат, ошол эле убакта мамлекеттик органдардын үстүнөн көзөмөл кылат, өкмөттү дайындайт жана отставкага кетирет, эл аралык келишимдерди ратификациялайт. Анан азыркы парламентти таркатып, жаңысын шайлабай койсок мамлекеттин иши шалтурук болуп калбайбы.


Мамлекет башчысы да, өкмөт дагы Жогорку Кеңештин функциясын өзүнө алганга укугу жок. Конституция боюнча бул мыйзамды одоно бузуу жана бийликти узурпациялоо болуп саналат.


Ал эми шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрсөкчү? Анда да бир топ татаалдыктар жаралат. Мисалы, саясий партиялардын курултайларын өткөрүү, шайлоочулар менен жолугушуу жана добуш берүүнү уюштуруу маселелеринде. Ошону менен бирге эле шайлоону өткөрүүгө кете турган каражаттар да маселе жаратат. Пандемия шартында болушунча үнөмдөө болушу шарт, арткан каражат саламаттыкты сактоо тармагына багытталышы керек.


Мынакей биз бардык сунуштарды жана варианттарды карап чыктык. Идеалдуусу жок. Бирок, жаралган кырдаалдан чыгуу керек. Кантип?


Эксперттердин анализдерине таянсак, пандемия дагы бир топ убакытка созулушу мүмкүн. Анын экинчи, алтургай үчүнчү толкуну тууралуу да айтып жатышат. Демек, коронавирус бизден эки-үч айда, балким би рыл ичинде да кетпейт. Биз ушул кырдаал менен көнүшүп жашоого аргасыз болушубуз мүмкүн. Мындан сырткары өлкөбүздү дүйнөлүк эпидемияга байланыштуу экономикалык кризис да күтүп турат. Алдыдагы эки жыл ичиндеги экономикалык абал мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла начар болот. Муну да туура түшүнүү зарыл.


Ошондо бизде бир гана вариант бар, бир эле учурда вирус менен да күрөшүп, ошол эле убакта маанилүү иштерди кийинкиге калтырбай убагында жасап туруу.  Мыйзамдуу шайлоо жолу менен парламентти жаңылоо – өтө маанилүү. Аны колдон келсе өз мөөнөтүндө өткөрүү керек. Пандемия шартында добуш берүүнү буга чейинки ыкма менен өткөрүү да болбойт. Жаңы жагдайга жараша уюштурулушу маанилүү.


Ал эми партиялардын курултайларын онлайн режиминде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Жогорку окуу жайларындагы бүтүрүү экзамендери да онлайн режиминде эң сонун эле өткөрүлгөнүн эске алсак болот. Саясий уюмдардын дебаттары жана маалыматтык билдирүүлөрү гана телеканалдардан, маалымат каражаттарынан кеткени жетиштүү. Шайлоочулар ошондон эле талапкер тууралуу жетиштүү маалымат ала алат.


Шайлоочулар менен жолугушуу өңдүү массалык иш-чаралардын өтпөгөнү да бир четинен пайдалуу. Мындай абалда шайлоочу менен шайлануучунун ортосунда акча берүү, акча алуу (добуш сатуу) деген көрүнүштөргө да чекит коюлат. Ал эми шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүү маанилүү экенин дагы бир ирет белгилеп коелу. Себеби, мыйзамдуу шайлоо жолу менен парламент жаңырат, эски саясатчылар кетип, жаңысы келет. Ошондо реформалардын жасала турганына ишеним артса болот. Азыркы парламенттен реформа күтүү - төөнүн куйругу качан жерге тийет дегендей эле.


Эгерде шайлоо мөөнөтүн создуктуруп, көпкө чейин легитимдүү парламент болбой калса, анда охлократиялык, алтургай криминалдык жол менен бийликке келүү аракеттери болушу мүмкүн. Анда эле пандемия учурундагы оор абалыбыздын үстүнө дагы бир оор түйшүк кошулат.


Канатбек Аскаров


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн