Бугу 20, 2024
Убакыт: 11:10
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Азыр парламенттик шайлоонун мөөнөтүн талкуулай турган учур эмес, - Масалиев

14.04.2020 14:05
940
Азыр парламенттик шайлоонун мөөнөтүн талкуулай турган учур эмес, - Масалиев


Азыр парламенттик шайлоонун мөөнөтүн талкуулоочу учур эмес.  Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев “Меди центр” мультимедиалык-маалымат агентигине маек берип жатып билдирди.  


Анын айтуусуна караганда азыр андан зарыл, андан маанилүү маселелер жетиштүү.


"Азыр шайлоо тууралуу сөз кылуу бир аз эрте. Анткени пандемияга карап, элибиздин ден соолугуна карап андан кийин иш кылганыбыз туура болот.  Мен ойлоп жатам бул балакеттен июнга чейин кутулабыз деп. Бул кырдаалда чоң маселелер туулуп жатат.  Кайсыл жумушту токтотуп туруп, кайсыл жумушту тез арада аткаруубуз керек, ушуну такташыбыз зарыл.  Өзгөчө кырдаал учурунда шайлоо процесси кандай болуш керек? Өзгөчө кырдаал учурунда салык төлөмдөрү кандай болуш керек? Кредит төлөмдөрү кандай болуш керек? Ушундай маселелер турат. Мунун баарын биз мыйзам түрүндө иштеп чыгуубуз керек. Мындай маселеге биринчи жолу туш болуп отурабыз, өтө татаал маселе турат. Шайлоо мөөнөтүн талкуулоонун өз орду бар бирок аны жылдыруу же жылдырбаш керек деген пикирден азыр алысмын", - дейт эл өкүлү.  


Буга чейин айрым саясатчылар парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу маселесин көтөрүшкөн. Ага коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам экономикалык жагдайлар кыйын болуусу мүмкүн деп жүйөө келтиришүүдө. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн