Шайлоо участокторуна келип добуш бере албаган жарандар көчмө урналарга добуш берүүнү баштады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Мекемеден билдиришкендей, бүгүн участоктор сыртында добуш берүү үчүн 21 миң 360 шайлоочу арыз берген. Буга байланыштуу шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү көчмө урналар менен шайлону улантат.
Эске салсак, шайлоо участокторунан тышкары добуш берүү 9-январда саат 8:00дө башталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн