Бугу 05, 2024
Убакыт: 12:28
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондор 3 күн ичинде кайрылса болот

16.12.2021 19:00
844
Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондор 3 күн ичинде кайрылса болот

Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондор 3 күн ичинде кайрылса болот. Мындай пикирин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, БШК Конституциялык мыйзамга ылайык иш алып барат.


"Биз кечээ шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыяладык. Жыйынтыкка нааразы болгон тараптар 3 күн ичинде кайрылса болот.

Ар бир талапкердин жана партиянын мыйзамда көрсөтүлгөн укугу бар. Ошондуктан биздин чечимге каршы болсо Бишкек шаардык Администрациялык сотко кайрыла алат",- деди Жылкыбаев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн