Жогорку Кеңеште 3 жолу депутат болуп, интрига кылгандан башканы билбеген депутаттар бар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов шайлоо мыйзамдарын талкуулап жаткан учурда билдирди.
"Жогорку Кеңештин 3 чакырылышында депутат болгон адамдар бар. Алар парламентке келгенден бери бир да иш жасаган эмес. Алар жалаң интрига менен алек. Мына ошондой депутаттарга чектөө койсок болобу",- деп суроо узатты депутат.
"Мыйзам боюнча бир адамдын кайра-кайра шайланып келүүгө укугу бар. Мурдагы мыйзам боюнча андай чектөө жок",- деди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн