Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Шайлообек Атазов: Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, баарыңарга жага турган доллар эмесмин

24.06.2021 16:49
1574
Шайлообек Атазов: Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, баарыңарга жага турган доллар эмесмин


Урматтуу достор!


Мен энелерди, эже карындаштарды  ар дайым сыйлайм!


Кечээ күнү Жогорку Кеңеште "Ата Мекен" фракциясынын лидерин алмаштыруудагы пикир келишпестиктен парламентте кайым айтышуу болгон. 


Мен Айсулуу Турусбековна менен эч кандай урушкан жокмун! Мамашова Айсулуу Турусбековна "Ата Мекен" партиясынын эң билимдүү депутаты,  тарбиялуу үй-бүлөдөн, чыгаан саясатчы, жакшы атанын кызы деп урматтап сыйлайм!


Биздин ортобузда эч кандай талаш жок. Азыр да чоң сый урматтамын! Кече күнү парламентте биз урушуп жаткандай видео болуп калыптыр. Бул жерде Айсулуу Турусбековнанын артына бекинген депутаттар менен пикир келишбестик болуп кеткен. Ошол учурда  бөлүштүрүү максатта мага келип колун булгап сүйлөп жаткан учуру видеого түшүптүр. Биз партиялаштар бир нече минуттан кийин баарыбыз чогулуп стол үстүндө чечишип,  кечиришип алганбыз. Иш болгон жерде, талаш-тартыш да болот экен. 


Урматтуу Фейсбук баракчамдагы достор!


Мен мамлекеттин туусун которгон жигит катары ар дайым энелерди, эже-карындаштарды сыйлап келем! Мындан ары да сыйлай бермекчимин! Керек болсо өлкөбүзгө коркунуч болсо жалпы  элимди, аял затын  коргоого даярмын! Мени түшүнүп, колдоп буга чейин ЖКда айтып чыккан маселелеримди бөлүшүп, жылуу пикир калтырып жатканыңыздар үчүн сиздерге чоң рахмат жана таазим кылам!


Урматтуу кээ бир бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү! Ушул жерде да жумурткадан кыр издеп, мени каралоо менен алектенип жатасыздар. Сиздерге да кудайдан ыйман, бакыт тилейм! Ар дайым силер каалагандай болуп жүрүш үчүн, баарыңарга жагыш үчүн мен доллар эмесмин! 


Адам болгон соң кемчиликтер бар. Эң негизгиси, эки кызыл дипломдуу болуп алып, билимдүү ууру болуудан, мамлекетти тоногон чиновник, депутат болгондон кудай сактасын! Мен өз  өлкөмдү сүйгөн, патриот инсан катары чындык үчүн ар дайым күрөшөм!


Шайлообек Атазов, ЖК депутаты

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн