Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Шайлообек Атазов Эдил Байсаловду мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыптады

22.06.2023 11:31
426
Шайлообек Атазов Эдил Байсаловду мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыптады


Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсаловду мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыптады.


Анын айтымында, чиновник аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруучу бийлик бутактарын бири-бирине карама-каршы чыгарууда. Шайлообек Атазов Эдил Байсалов мамлекеттик кызматкердин этикасын гана эмес, конституциялык түзүлүштү да бузган деп эсептейт.


«Сыягы, ал парламентте кофе ичип отурганда ага бир нерсе кошулган окшойт. Анын башы айланып жатат. Анткени, парламенттин токтомдору сунуштама мүнөзгө ээ экенин, парламент дебат клубу сыяктуу эле экенин айтты. Анын сөзүндө чыккынчылыктын белгилери бар, анткени ал конституциялык түзүлүшкө кол салып, президенттик жана парламенттик башкарууну танууда. Мындан тышкары, ал Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгына ишенбестик жаратып, депутаттар элдин атынан сүйлөй албайт деп жатат», - деп түшүндүрдү Шайлообек Атазов.


Анын кесиптеши Дастан Жумабеков Эдил Байсалов парламентти бийликти узурпациялоо боюнча айыптады деп эсептейт.


"Ал парламент бийликти узурпациялап алганын айтты. Бул оор айып. Кантип бийликти узурпациялап алганыбызды далилдеп берсин”,-деди эл өкүлү.


Буга чейин социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында чиновник депутаттар менен жаңжалдашкан. Эдил Байсалов аларга министрлер кабинетинин ишине кийлигишпеши керектигин айтып, ыйгарым укуктарынан аша чаап кетти деп айыптаган. 


Бүгүн түштөн кийин парламент Эдил Байсаловдун маселисин карайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн