Бугу 11, 2024
Убакыт: 21:00
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Шайлообек Атазов: Гейлер биздин идеологияны узурпациялап жатат

11.03.2021 11:35
528
Шайлообек Атазов: Гейлер биздин идеологияны узурпациялап жатат

Гейлер биздин идеологияны узурпациялоодо. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.


"Биздин улуу Бакай Атабыздын атын алып жүргөн "Бакай Банк" Европадан жигиттерди чакырып, кызматкерлерине стриптиз белек кылды. Бул эмне деген жорук? Мамлекеттик идеология кайда? Бул маселени кимдир бирөө көзөмөлдөп жатабы?

Өткөн жылы Орусияда 500 идеологиялык эмес уюм жабылып, бул өлкөнүн идеологиясына доо келтирген. Ошондой эле биз аларды жабышыбыз керек. Алар ар кандай гей-параддарды уюштурушат. Алар биздин идеологияны басып алып жатышат. Алар экстремисттик жолго түшүп жатышат",- деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн