Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 16:48
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Шайлообек Атазов Орхан Инандынын уурдалышына тиешеси тууралуу үн катты

08.07.2021 13:05
845
Шайлообек Атазов Орхан Инандынын уурдалышына тиешеси тууралуу үн катты

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Орхан Инандынын уурдалышына эч кандай тиешеси жоктугун Фейсбук баракчасына жазды. Депутат төмөндөгүдөй билдирүү калтырган: 


"Урматтуу достор! 

"Кара пиардын өмүрү кыска".

Орхан Инанды учурда Түркияда жүрсө, бул сүрөттө турган баланын кандай тиешеси бар?? Түркия спец.службасы алып кеткен деп Түркия маалымат булактары чыгарып жатат. Сүрөттөгү бала кыргыз болуп турат. Камерада футболкасы сары ушуга окшош экен деп окшоштуруу бул түркөйлүк! Бүгүн Орхан Инандын адвокатымын деп өзүн жарыялаган адам мен жөнүндө да жомокторду жазыптыр! "ОРХАН ИНАНДЫНЫ УУРДАЛЫШЫНА ДЕПУТАТ АТАЗОВ ТИЕШЕСИ БОЛСО КЕРЕК". Бул куру жалаанын артында кайсы сойку саясатчылар, кайсы өлкөнүн элчилери, кайсы министрлер турат жакшы билем! Убагы келет баары менен сүйлөшөм! Аллах ошол күнгө жеткирсин. Акыркы күндөрү кээ бир мамлекетти тоноп жегендердин түн уйкусу бузулуп жатты эле. Алар мындай кара пиарлар менен мени чындыкты айтуудан токтотобуз деп ойлошот. Ушунча жыл өлкөнү тоноп жеп, эми чындыкты айткан депутаттарга ар түрдүү куру жалаа жаап, ошодон кумарланышат экен! Булар "грязный политиктер"!

Атайын уюштурулган кара пиардын өмүрү кыска болот. "Бир күн келет ошол өздөрү казган орго өздөрү түшөт"!

Менин балдарым 3 жылдан бери лицейде окуйт. Орхан Инанды балдарымдын агайы. Балдарыма билим берген агайды мен кантип уурдайм? Жоголгон алгачкы күндөрдөн тартып митингдерге чыгып, сессияда сүйлөп, "Агай билим берүүгө чоң салым кошкон инсан, аны табыш керек деп" сүйлөп жүрөм. Бул боюнча кара пиар уюштургандар маалыматы жок болуп калыптыр!

Ал эми Стамбулда алган сыйлыгым, парламент депутаттары, фракция лидерлери, шаар мэри менен жолугушуум эч кандай Орхан Инандыга тиешеси жок. Ал менин депутаттык сапарым эки элдин достук мамилесин чындоо, мамлекетибизге инвестиция тартуу максатында болду. Бул иш чараны да көрө албай, ичи тарып жаткан саясатчылар силерге Кудайдан ыйман, бакыт тилейм!

Бүгүнкү күндө мага кандай кара пиар кылсаңар да элим үчүн, мамлекеттин эртеңи үчүн ар дайым талыкпай чындык үчүн күрөшөм! Биз таза коомду, бакубат өлкөнү курабыз! Мага куру жалаа жапкандарга Кудай өзү жетиштүү. Алар менен кыяматта сүйлөшөбүз! Мени колдоп, дуба кылып жаткан жалпы Элиме, досторума терен ыраазычылык билдирем!"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн