Бугу 02, 2024
Убакыт: 09:50
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Шайлообек Атазов Садыр Жапаров менен жолугушту. Алар эмне тууралуу сүйлөштү?

16.08.2021 16:49
1120
Шайлообек Атазов Садыр Жапаров менен жолугушту. Алар эмне тууралуу сүйлөштү?

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов президент Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасына жазды.


Анын айтымында, депутат президент менен мамлекеттик маселелер тууралуу сүйлөшкөн.


"Бүгүн Президентибиз Жапаров Садыр Нуркожоевич менен жолуктум.


Садыр Нуркожоевичтин  кылымдарды карыткан кыргыз элине ажо болушу кокустук эмес, бул - буйрук! Буйрук Кудайдын иши! Президент болгончо көптөгөн сыноолорду башынан өткөрдү. Чыркыраган чындык деп өмүрүн тобокелге салды. Сабыр кылды. Акырында мамлекет башчысы болуп шайланды...

Бүгүн Президентибиздин кабыл алуусунда болдум. Мага карата айтылган өлкө башчылык, агалык кеп кеңештерин уктум. Мамлекет, эл - жер тууралуу баарлаштык.

Мен ойлойм, учурда сыртыбыздан тышкы күчтөр сындап акмалап турганда, өлкөбүздөгү бардык ички саясий күчтөр биригүүгө келип ынтымак менен алга кадам таштоого мезгил келгенин айтаар элем.

- Өлкө жетекчилиги кылым аферасына айланган Кумтөр кениндеги Эл аралык мафияны жеңип мамлекетибизге кайтаруу алдында турат...

- Кадр саясаты акырындап тазаланып барууда...

- Мамлекет бир ууч кландардын, үй-бүлөнүн башкаруусунан элдин көзөмөлүнө өтүүдө...

Бирок, коопсуздук маселеси дагы да курч бойдон калууда! 

Бизге ички шылуундардын тузагынан чыгып, тышкы мамилени чыңдоо үчүн ынтымак гана керек! Бөлүнүп жарылсак өнүкпөйт экенибиз айдан ачык! Учурда Кыргызстан деген бир желектин, бир түндүктүн алдына биригейли!",- деп билдирүү калтырган депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн