Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Шайлообек Атазов: Желегибизди желбиреткен спортчулардын тамагына 80 сом, түрмөдөгүлөргө 150 сом бөлүнөт

04.05.2023 11:31
240
Шайлообек Атазов: Желегибизди желбиреткен спортчулардын тамагына 80 сом, түрмөдөгүлөргө 150 сом бөлүнөт

Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов спортту өнүктүрүү маселеси боюнча кайрылуу жасады.


Ал кыргыз спортуна бөлүнүп жаткан каражаттар, машыктыруучуларга жана спортчуларга түзүлгөн шарттар боюнча пикирин билдирди.


“15 жылдан бери спортчулардын бир күндүк тамагына 83 сомдон гана бөлүнүп келет. Ал эми түрмөдө жаткандарга 150 сомдон жогору каралган. Эмне үчүн элибиздин намысын коргоп, эл аралык мелдештерде желегибизди желбиреткен спортчуларыбызга көңүл бурбайбыз? Андыктан, бул жаатта кескин кадамдарга барып, колдоолорду күчөтүшүбүз зарыл”, – деди эл өкүлү.

Андан тышкары, спорттук федерацияларга көмөк көрсөтүү, спортчуларды караган медицина кызматкерлеринин санын көбөйтүү маселелерин көтөрдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн