Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов фейктердин каралоосуна кабылганын айтып чыкты. Бул тууралуу ал парламенттин бүгүнкү отурумунда билдирди.
Шайлообек Атазовдон сырткары, депутаттар Самат Исманов, Өмүрбек Бакиров, Акыл Кемелов фейктерге каршы чара колдонууну сунуштады.
"Азыр мамлекетти өнүктүрүү жоопкерчилигин мойнуна алган депутаттарды, президентти да социалдык тармактарда фейктер каралап жатат. Буга чара көрүшүбүз керек",- деди Атазов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн