Кулжа 27, 2024
Убакыт: 15:39
USD
86.20
87.10
EUR
92.00
93.00
RUB
0.980
1.035

Шайлообек Атазов спортту өнүктүрүүгө жетиштүү көңүл бурулбай жатканын айтып чыкты

08.09.2021 10:53
1160
Шайлообек Атазов спортту өнүктүрүүгө жетиштүү көңүл бурулбай жатканын айтып чыкты


Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Кыргызстанда дене тарбия жана спортко тиешелүү колдоо көрсөтүлбөй жатканын парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.


Анын айтымында, спортту өнүктүрүү үчүн өкмөт тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш.


"Олимпиада оюндарында биздин спортчулар чоң ийгиликтерди багындырып, өлкөбүздү таанытты. Президентибиз жакшы сыйлыктарды берди. Бирок бул жетишсиз.


Ысык-Көлдө спорт интернатка көңүл бурулбай жатат. Ошто спорт интернаттын фундаменти куюлган боюнча турат. Мен трибунадан өкмөттөн жана президенттен спортко жетиштүү колдоо көрсөтүүнү суранам",- деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн