Бугу 15, 2024
Убакыт: 11:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Шайлообек Атазовдун мандатын тапшырууну талап кылган митинг өттү. Депутат алардын алдына чыкты

15.06.2022 11:08
580
Шайлообек Атазовдун мандатын тапшырууну талап кылган митинг өттү. Депутат алардын алдына чыкты

Бүгүн, 15-июнда бир нече кыз-келиндер Жогорку Кеңештин Свердлов району боюнча депутаты Шайлообек Атазовдун мандатын тапшырууну талап кылып, митингге чыгышты.


Алар депутат Атазовдун сунушу аялдардын укугун тебелөө деп эсептей турганын билдиришти.


Ал эми Шайлообек Атазов алардын алдына чыгып, өзүнүн сунушу тууралуу түшүндүрмө берди.


"Миграцияда канчалаган жаш кыздар, балдарыбыз кордолуп жатат. Менин сунушум мына ошондой жарандардын, жаш кыздардын укугун коргоо максатында айтылды",- деди.


Ал арада митингге Шайлообек Атазовду колдогон аялдар келип, депутаттын сунушун колдоого алды.


Эске салсак, Жогорку Кеңештин өткөн жыйынында депутат Шайлообек Атазов 18-20 жаштагы кыздарды чет өлкөгө ата-энесинин коштоосу менен гана жөнөтүү керектигин сунуштаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн