Бугу 16, 2024
Убакыт: 13:39
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Шайлообек Дүйшеев: Элмирбек элдин ызасын, бугун чыгарып эс алдырып турчу

22.04.2020 14:24
1164
Шайлообек Дүйшеев: Элмирбек элдин ызасын, бугун чыгарып эс алдырып турчу


Элдин ызасын, элдин бугун Элмирбек чыгарып турган. Сахнага Элмирбектин чыгуусун эл күткөн, себеби анын ырларын угуп, эл эс ала түшчү, деп билдирди Эл акыны Шайлообек Дүйшеев маркум төкмө акын Элмирбек Иманалиевди эскерип жатып.  


Анын айтымында, чоң талант эч качан бугу жок жашабайт. “Кудайга шүгүр, электрондук сандыкта ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин бардык ырлары, айтыштары сакталып калды. Залкардын экинчи доору эми башталат. Себеби анын ырларын угуп, көрүп биз менен кошо жашайт”, - деди ал.


Дүйшеев Филармонияда адабий бөлүмдүн башчысы катары мурдагы залкар төкмө акындар менен көп иштеп калганын айтат. Алардын бири Тууганбай Абдиев бир күнү ага кичинекей баланы жетелеп ээрчитип алып келгенин эске салды.


Көрсө ал Элмирбек деген бала экен, анын ырлары жазылган дептерин кошо ала келип, ушул баланын ырларын бир карап берчи деп, мага таштап кетти. Ал кезде кичинекей бала экенине карабай ырлары салттуу муундагы чыйрак ырлар эле. Мен ырларын окуп, ойлогом аны жазма акын болот го деп. Ошондо эле бул баладан бир нерсе чыгарын айтып, өнөрүн уланта берүүсүн айттым. Кийин коомдо чогуу жүрдүк, мурдагыдан өстү, айтыштарга катыша баштады. Ошол кезде аны менен чогуу Амантай, Жеңишбектер чыгып жүргөн кез болчу. Карап отуруп, залкарлыктын бүткүл атрибуттары ушул Элмирбекте бар экен деп жазган макалам эсимде”, - деди эл акыны.


Дүйшеев белгилегендей, Элмирбекте залкарларга тийиштүү ырдоо маданияты, орой айтпаганы, ырды кураштыруу, өзүнүн өңү-түсү, комузду черте билиши башкалардан өзгөчөлөнүп бөлүнүп турчу.


7-апрель окуясына байланыштуу ыр чыгаруу боюнча Кыялбек Урмамбетов экөөбүзгө сунуш түшүп калды. Экөөбүз чогуу жазып отуруп, андан ары чыкпай калды. Калганын Элмирбекке берели деп ага бердик, ал калганын укмуштуудай кылып улап ырдап чыкты. Элдин ызасын, элдин бугун Элмирбек чыгарып турган”, - деп кошумчалады ал.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн