Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:05
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Зайырбек, Элмирбектей таланттардын эрте кеткени күйүткө салат, - Шайлообек Дүйшеев

30.04.2020 11:27
2151
Зайырбек, Элмирбектей таланттардын эрте кеткени күйүткө салат, - Шайлообек Дүйшеев


Көптөгөн ыр жыйнактардын ээси, белгилүү жазуучу, журналист, Эл акыны Шайлообек Дүйшеев 44 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан кесиптеши жана шакирти Зайырбек Ажыматов тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек куруп, аны эскерди.


Жаш таланттарга ажалдын эрте келгени күйүткө салды

 

— Мындан мурда үч кыз - белгилүү ырчылар Гүлзат Батырканова, Элмира Кайып кызы, Гүлбүбү Орозкул кызы мезгилсиз дүйнөдөн кайтышты эле. Андан кийин жуналисттер - Улан Эгизбаев менен Эрнист Асек уулунун каза болушу элди дагы бир ирет кайгыга салды. Жакында эле айтылуу төкмө акыныбыз Элмирбектин оо дүйнөгө кеткени жан дүйнөбүздү кайыштырып отурганда, минтип артынан көп өтпөй жакын досу, белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун каза болуп калганы аябай өкүнүчтүү. Бир кезде Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев, Аман Токтогуловдор кеткенде дал ушинтип жер муштап калганбыз. Алар да ушудай 48 жаштарында өтүп кетишти эле. Мыкты жаштарыбызга, таланттуу инсандарыбызга ажалдын эрте келгени абдан өкүндүрөт. Ушундай баралына толуп турган кезде кетип жатканы күйүткө салууда.


 

Сүймөнчүктүү Зайырбек...


— Мен Зайырбек Ажыматов менен көп жылдан бери “Азаттык” радиосунда чогуу иштедим. Кесиптештердин баары жакшы көрүп сыйлашчу эле. Мүнөзү жакшы, жаркылдаган, өз ишин жакшы билген мыкты журналист, анан дагы чоң акын болчу.


Жүрөктөгү бороон” деген акыркы китебин даярдап чыгарам деп жаткан кези эле. Мага баш сөз жазып бериңизчи деп кайрылганда, “Бизден күчтүү, бизден өткөн талант силер барсыңар” деп чын жүрөгүмдөн баш сөз жазып берген элем. Өткөн жылдын аягында чыккан китебин сүйүнүп алып келип, биринчисин мага берди эле, азыр колумда барактап отурам. Андагы бир ырын окуп берсем:


Жан адамга тийбей балким керегим,
Жалгыз келгем, жалгыз кете беремин.

Ыйманымды ченегиси келишсе,
Ырда калат тайызымда, тереңим.


Акындарда кээде бир нерсени айтып түшүндүрө албай турган учур болот. Карачы, кээде өмүр менен коштошуп аткандай жазышат. Китебин барактасам ушундай ырлары келип туруп алды. Дагы бир ырын окуп берейинчи:


Заманына жан дүйнөсүн талаткан,
Зарың катып ичтен сызып бараткан,

Зайырбекмин ысымы бар өзү жок,

Закымдарды кууп жүрүп адашкан.


Ушинтип өмүр менен коштошуп кете берди. Өзү өтүп кетсе да ырлары биздин, элдин жана журналисттердин жүрөгүбүздө калды.


Зайырбектин эмгегин эл эбак эле баалаган


— Өткөн жылы президенттин колунан Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алганда абдан сүйүнгөн эле. Наам жаш акындарга жөн гана түрткү, шыктандыруу, дем болот экен. Элдин алкышынан өткөн наам жок. Негизи бийлик наамдарды таланттууларга жаш кезинде эле бериши керек деп ойлойм. Өтө улгайып калганда берүүнүн кереги жок. Акын же башка таланттар үчүн чыгармачылыгы - анын канаты болуп эсептелет. Ошондуктан эмгекти көкөлөтүү, өстүрүү зарыл нерсе.


 

Элмирбек досунун жанына барайын деген чыгар

 

— Зайырбек мурдатан ооруп жүргөн. Ал Элмирбек менен жакын дос болчу. Каза болгондо катуу өкүнгөн эле. Мен ага кайрат айтып, арты кайрылуу болсун деп дуба кылып, өзүңдү карма деген элем. Балким күйүтү оорусун козгоп кетиши мүмкүн. Жаны бирге достордон эле, бир карасаң Элмирбек караңгы дүйнөдө коркуп жатат, жанына барып кошо жатайын деген чыгар. Ажал улук тура...


 

 

Калган өмүр жашын балдарына берсин

— Жаш кеткен акындын жубайына, балдарына, кыздарына, бир туугандарына, жакындарына көңүл айтабыз. Зайырбек жашабай калган өмүрүн балдарына берсин. Ал үй-бүлөсүнө жакшы ата болчу. Жаткан жери жайлуу болсун!



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн