Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаровго журналисттер тарабынан шайлоочулардын катышуусу аз болуп жатканы боюнча суроо берилди.
"Былтыр өткөн шайлоого салыштырмалуу добуш берген шайлоочулардын саны бул жолку шайлоодо аз болуп жатат. Мунун себеби эмнеде?" - деген суроо берилди.
"Былтыркы шайлоодо форма-2 ыкмасы колдонулган. Ошондо 500 миңге жакын биздин жарандар ошол ыкма менен добуш берген. 500 миңдин тегерегиндеги шайлоочулар шайлоо тилкелерине ташылып алып келинген. Азыркы учурда мыйзам менен бул нерсеге чектөө коюлган. Бирден бир себеби ушул болушу мүмкүн деп эсептейт элем", - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн