Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 09:59
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Шайлоочулардын баштапкы тизмеси такталып бүттү

17.02.2020 10:36
687
Шайлоочулардын баштапкы тизмеси такталып бүттү


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 12-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге добуш берүүчү шайлоочулардын баштапкы тизмеси түзүлүп бүткүнүн маалымдады. 16-февралда тараткан маалыматта айтылгандай, бул шайлоого 340 479 шайлоочу катышат. Ал эми 22-февралдан тартып шайлоочулардын тизмеси тиешелүү шайлоо участоктордо илинет. Добуш берүүчүлөр 27-мартка чейин ошол жерден өздөрүнүн аты-жөнүн тактаса болот.


12-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катыша турган тизмедегелер жалпы шайлоочулардын 10% түзөрү белгилүү болду. Бул добуш берүүдө 18 жашка толгон, шайлоого укуктуу жарандар катталган жерине жараша өз тандоосун жасай алат.


Белгилей кетсек, 12-апрелде Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттары тандалат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн