Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:05
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Шайлоодо жеңген "Биздин Кыргызстан" партиясы шайлоодон четтетилди

26.07.2021 22:56
1922
Шайлоодо жеңген "Биздин Кыргызстан" партиясы шайлоодон четтетилди

Ош шаардык кеңешине кайталап өткөн шайлоодо жеңишке жетишкен  "Биздин Кыргызстан" партиясы жарыштан четтетилди. Бул тууралуу БШКнын 26-июлдагы отурумунан кийин белгилүү болду.


БШКнын жумушчу тобу аталган партия шайлоо өнөктүгү маалында добуш сатып алганы аныкталды деп билдирип, андан улам "Биздин Кыргызстан" саясий бирикмесин жарыштан четтетүүнү сунуштады. Ал эми БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун чыгарган корутундусун колдоду.


Эскерте кетсек, "Биздин Кыргызстан" партиясы шаардык кеңешке кайра шайлоонун алдында түзүлүп, аны Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов жетектейт.


11-июлдагы шайлоодо Ош шаарында 32 пайыздан ашыгыраак добуш менен экинчи орунду ээлеген. Ал эми Бишкекте 7 пайыздык босогого бир аз жетпей калган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн