Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Шайлоодон кийин башаламандык уюштургусу келген талапкерлер бар

24.12.2020 14:19
762
Шайлоодон кийин башаламандык уюштургусу келген талапкерлер бар


Кыргызстанда шайлоодон кийин өлкөдөгү абалды туруксуздаштыргысы келген талапкерлер бар. Мындай пикирин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.


Анын айтымында, айрым талапкерлер шайлоодон кийин өлкөдө башаламандык уюштурууга аракет кылып жатат.


«Бизде бардык маалыматтар бар. Кайсы талапкер кырдаалды туруксуздаштырууга даярданып жатат. Биз муну документтештирип жатабыз. Шайлоодон кийин бул талапкерлерге чара көрөбүз. Айрым талапкерлер үгүт иштерин жүргүзбөй, шайлоодон кийин кырдаалды дестабилдештирүүгө даярданып жатышат деген так маалыматыбыз бар. Буга биздин эл жол бербейт деп ишенем. Эгер бул күчтөр миңдеген адамдарды көчөгө алып чыкса, аларга каршы миллиондогон эл чыгат. Алар бийликти басып алуу же митингдерди туруксуздаштырууну үмүт кылбасын», - деди Камчыбек Ташиев.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Шайлоо таза отсо тополон болбойт Камчы мырза.