Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 22:30
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Шайлоого аттанган партиялардын дарамети канчалык?

07.08.2020 12:23
1841
Шайлоого аттанган партиялардын дарамети канчалык?

 

Кезектеги парламенттик шайлоонун өтөөрүнө эки айга жетип-жетпеген убакыт калды. Бир жагынан өлкөбүздө коронавирус пандемиясы көйгөй жаратып турса, экинчи жагынан шайлоого даярдыктар кадимкидей башталды. Дарыгерлерге ысык тамак ташыган, элден чогулган акчага дары-дармек тараткан ыктыярчылардын арасынан да өздөрүн парламенттен көргүсү келгендер көп болууда. «Мага 5-6 партиядан сунуш түштү, ойлонуп жатам» деп жибергендерди көрдүк. Айтор, дымактуулардын катары коюланды. 


Азырынча шайлоого аттанган саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелери белгилүү бололек. Ошентсе да кайсыл партияга кимдердин «куда түшүп» жатканы шыбыр-күбүр кеп болуп айтылып келет. Эл ичинде «эски саясатчыларды эми парламентке жолотпош керек» деген пикирлер да бар. Ошол эле убакта эски болсо да позициясын жоготпогон, таза иштеп келгендерди колдогондор кездешет. 


Шайлоого карата талапкерлеринин тизмеси тактала элек болсо да, ага катышууну каалаган партиялардын дараметтери кандай экени байкалып эле тургансыйт. БШКнын маалыматы боюнча 44 партия шайлоого катышуу ниетин билдирген. Бирок, алардын ичинен 5-6 гана партиянын аракеттери жандуу болуп турат. 


«Ата-Мекен» партиясы башкалардан озунуп БШКга да арызын биринчи тапшырды, биринчилерден болуп шайлоого кимдер менен бара турганын да жар салып жиберген. Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Тилек Токтогазиевдер дал ушул партиянын алдына биригип, шайлоого чогуу аттана турган болушкан. Бирок, бул биригүүнүн ысыгы бат эле тарай баштаган сыяктуу. Жакында эле Темир Сариев «Ата-Мекенден» бөлүнүп чыкканын билдирди. Айрым кеп-сөздөргө караганда Рыскелди Момбеков да арсар ойдо турат. «Шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу керек» деген демилге көтөрүп жаткан Жанар Акаевден азырынча дайын жок. Ачыгын айтыш керек, бул биригүүдөн көбүрөөк жакшы сөзгө арзып жаткан талапкер – Тилек Токтогазиев болуп турат. Ырас, биригүү, кайра ажырашуу сыяктуу көрүнүштөр партиянын аброюна албетте көлөкө түшүрөт, бирок «Ата-Мекен» партиясынын чейрек кылымдан ашык убакыттан бери саясатта келатканы, дээрлик баардык эле шайлоолорду жеңишти камсыздай алганы белгилүү. Андыктан бул жолу деле маарага тиешелүү добуш менен жетүү мүмкүнчүлүгү бар, эгерде тизме түзүүдөн жаңылышпаса. 


Абакта жаткан Садыр Жапаровго тиешелүү «Мекенчил» партиясы да даярдыкты жакшы көрүп турат. Камчыбек Ташиев мырза да дал ушул партия менен шайлоого бара турганын билдирген. Бирок, бир «но» бар, «Мекенчилдердин» ичинде Ташиев мырзага таптакыр ишеним артпаган, алтургай аны менен чогуу шайлоого баргысы келбегендер көп. Мына ушул жагдай партиянын кадамын аксатып коюшу толук мүмкүн. Бирок, ошол эле убакта Камчыбек мырзанын өзүнүн ишенимдүү электораты бар. Ал канчалык жаңылып-жазса дагы сатып кетпеген шайлоочуларын билебиз. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Ташиевдин электораты «Республика – Ата Журт» партиясынын парламентке келишине өзгөчө салым кошконун белгилеп коелу. Бирок, ал өзү парламент сыртында кала берген. 


«Республика» партиясы 2010-жылдагы, андан кийин 2015-жылдагы парламенттик шайлоолордо мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен. Бирок, бул ирет сабыры суз. Лидери Ө. Бабанов саясаттан кеткенин жар салып, анын ордун Мирлан Жээнчороев ээлеген. Бирок, баары бир Бабановдун саясий салмагына Жээнчороевдин саясий салмагы тең келе албаганы партиянын рейтингин өз деңгээлинде кармай албады. Ошондон уламбы, айтор Мирлан мырза «Республика» партиясы шайлоого катышпай турганын жарыялаган. Ошондон бери унчуга элек. Эгерде шайлоого катыша турган болсо, баары бир Бабановдун электораты аталган партияга добушун берет. Анан албетте партиянын тизмеси да чоң роль ойнойт. Ошол нерседен жаңылбаса эле «республикачылар» да парламенттеги ордун жоготпойт.

 

«Биримдик» аттуу жаңы партиянын да дүбүртү байкалаарлык чыгып турат. Азырынча катарында кимдер бар экени толук белгилүү эмес. Партия лидери М. Аманкулов буга чейин «Биримдиктин» катарын жаңы, жаш кадрлар түзө турганын билдирген. Андыктан бул партияга тизмесине үңүлгөндөн соң баа берсек болот. 


«Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов да алдыдагы шайлоого толук жаңылануу менен барыша турганын билдирген. Натыйжада алардын катарында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Марат Бакиевдин кызы бар экени билинди. Алтынбек мырза да муну тастыктады. Бул жагдай апрель баатырларынын, апрель революциясынын катышуучуларынын нааразычылыгын жаратты. Ошентсе да Алтынбек мырзанын да өзүнө тиешелүү электораты бар. Бирок, жалгыз өзү эч кандай ийгилик жарата албайт. Андыктан партиясынын тизмесин жакшылап анализдеп алганы туура. 


КСДП партиясынын даярдыгы белгисиз, ээнсиреген үйдүн көрүнүшүндөй. Андыктан бул партия тууралуу андай-мындай деп кеп айтуунун өзү да туура эмес болуп калчудай. 


«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров да шайлоонун камын эртелеп көрүп баштады. Бирок, коронавирус пандемиясына байланыштуу дарыгерлердин ар-намысына тийген сөздөрдү сүйлөп, рейтингин бир топ түшүрүп алды. Анын үстүнө анын 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп туруп Баткен облусундагы 275 метр кыргыздын жерин тажиктердики деп тааныган протоколго койгону ачыкка чыккандан бери бир топ шайлоочуларын жоготконун да танууга болбойт. Ошого карабастан Мадумаровду ишенимдүү түрдө колдогон шайлоочулары арбын. Өзгөчө Россияда иштеп жүргөн мекендештердин кызуу колдоосун алып келатканы белгилүү. Эгерде ал партия тизмесин туура түзө алса, анда акыркы 10 жылдан берки жеңилип келаткан абалын оңдоп кетүү мүмкүнчүлүгү бар. 


Айтор, стартта турган даярдыгы бар партиялардын абалы азырынча ушундай. Алдыда дагы эки айга чукул убакыт турат. Кимиси өздөрүн кайсыл жагынан көрсөтө алышаары да азырынча табышмак.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн