Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:28
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Шайлоого карата Ош шаарында 3000 милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт

07.07.2021 19:13
771
Шайлоого карата Ош шаарында 3000 милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт


 Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы Ош шаарынын аймагында Ош шаардык кеӊешине депутаттарды кайра шайлоо күнүнө байланыштуу 9-июлдан 12-июлга чейин күчөтүлгөн тартиптеги кызмат өтөөгө өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирет.


Маалыматка ылайык, бул күндөрү Ош шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту 800дөн ашуун укук коргоо кызматкерлери камсыз кылат.


Милиция кызматкерлерине бул багытта ички иштер органдарынын ардагерлери элдин кошуундун мүчөлөрү жардам беришет. Элдин коопсуздугун сактоо, шайлоо процессинин эрежелерин, мыйзамдуулукту бузууларга тез арада ыкчам аракеттерди көрүү үчүн кошумча 10 ыкчам-тергөө жана документтештирүү топтору түзүлдү. Андан сырткары, кошумча резервдик күчтөр даярдалды.


Ал эми эртеӊ, 8-июлдан баштап 300дөн ашуун кызматкер Ош шаарынын аймагындагы шайлоо участокторун жана андагы шайлоо бюллетендерин кайтарууга алышат.


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан милиция кызматкерлерине шайлоо процесси учурундагы кызматкерлердин укуктары жана милдеттери кошумча түшүндүрүлүп, кошумча сабактар өткөрүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн