Бугу 05, 2024
Убакыт: 10:01
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Шайлоого карата Жалал-Абаддын милициясы алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

21.09.2020 16:16
1180
Шайлоого карата Жалал-Абаддын милициясы алдын алуу иштерин жүргүзүүдө


Алдыда боло турчу шайлоого карата Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан бир топ профилактикалык иштер жүрүүдө. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, Базар-Коргон РИИБ тарабынан шайлоого карата коомдук коопсуздукту сактоо жана үгүт иштери үчүн илинген көрнөк-жарнактарды уурдап же жыртып кетүү фактыларынын алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.


 Милициянын көчмө кабылдамасы унаасы менен айыл аралашып, профилактикалык иштер менен катар жарандардын арыз-даттануулары кабыл алынууда. 2020-жылдын 8 ай ичинде милициянын көчмө кабылдамасы 75 жолу район аймагына чыгып, жергиликтүү тургундардан 92 ар түрдүү кайрылууларды кабыл алган. 


Анын ичинен 17 кайрылуу коопсуздук боюнча, калган 75и шайлоо жана короновируска байланыштуу болгон.


COVID-19 илдетинин жайылуусунун алдын алуу максатында Аксы РИИБдин имараты санэпидкызматы тарабынан дезинфекциядан өткөрүлдү. Кызматтык кабинеттер, убактылуу кармоочу жана текшерип өткөрүү жайларында санитардык иштер жүргүзүлдү. 


Ошондой эле кызматтык автоунаалар дагы дезинфекцияланды. Мындан сырткары өздүк курам жугуштуу илдеттин алдын алуучу медициналык каражаттар менен камсыз кылынууда.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн