Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо, ошондой эле, Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга байланыштуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери 5-апрелден баштап күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Бул тууралуу министрликтин коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси Сталбек Рахманов дүйшөмбү күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү тобунун жыйынында айтты.
«Мыйзам бузуулар болсо ыкчам чара көрүү топтору менен биргеликте тез аранын ичинде чара көрүү тууралуу ички иштер министринин талаптары коюлган», — деди Рахманов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн