28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катыша турган партиялар шайлоого катышуу тууралуу арызын БШКга тапшыруусу керек. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, партиялар үчүн акыркы мөөнөт 3-сентябрь саат 18:00.
14-сентябрга чейин партиянын тизмеси бекитилүүгө тийиш.
Ал эми бир мандаттуу округдан каттала турган талапкерлер үчүн да акыркы мөөнөт 14-сентябрь. Алар партия тизмеси менен да бир мандаттуу округдан да талапкер боло алат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн