Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 19:51
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Шайлоого катышпагандар чыккынчы, акчага сатылган акылсыздарбы?

11.01.2021 17:25
575
Шайлоого катышпагандар чыккынчы, акчага сатылган акылсыздарбы?


Кечээги шайлоо шайлоо системасын түп тамырынан өзгөртүү керек экенин далилдеди.  Ушул жол менен шайлоо өткөрөбүз деп шадыраңдай берсек, кийинки шайлоолордо 20 пайызга жетпеген шайлоочу катышат. Азыр көпчүлүк серепчи сөөрөйлөр добуш бербеген 65 пайыз шайлоочуларды мамлекеттин чыккынчысы, эртеңкиге кайдыгер, акча менен добуш бергендер деп айыптап жатышат. Бул кебиңер бери эле дегенде акылсыздык, өз элин сыйлабагандык. Добуш берүүчүлөрдүн 60 пайыздан ашыгы кара курсактын айынан чет өлкөдө, Бишкек менен Ош шаарында жүрүшөт. Аларды жүргөн жеринен добуш берүү укугунан ажыратып салганбыз. Четте жүргөндөр Мекендин кадырын серепчи болуп жаткандардан жакшы билет. Аларды чыккынчы, акчага сатылгандар деп айтуу туура эмес. Айыл жерлеринде добуш бере тургандардын реалдуу көрсөткүчү кечээ күндөгүдөй эле. Кагаз көтөрүп добуш берүү биздин абалга туура келбей турганын көрдүк. Эми электрондук добуш берүүгө өтүшүбүз керек экен. Мындай жол экономикалык жактан дагы ыңгайлуу. Бул жыл жалаң шайлоо менен өтө турган болуп калды. Ушуну эртерээк ишке ашырууну пландаш керек.


Наралы Асанбаев, журналист

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Форма2 кылып берсе сатышса добушун,ушул еле жакшыСаясатына ел ишенбейт азыр.