Тогуздун айы 31, 2025
Убакыт: 16:31
USD
87.30
87.80
EUR
100.80
101.80
RUB
1.075
1.110

Шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктады

Шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктады

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 30-октябрда саат 18:00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого көп мандаттуу шайлоо округдарынан талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады.


Жалпысынан шайлоону утурлай 589 талапкер көрсөтүлдү, анын ичинен эркектер - 365, аялдар - 224.


30-октябрга карата 168 талапкер катталды, 19 талапкер өзү шайлоого катышуудан баш тартты, 7 талапкерди БШК каттоодон баш тартты.


Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген.

Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492, чет өлкөлөрдө жалпы 91 шайлоо тилкеси түзүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн