Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 04:12
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Шайлоолорду кайталап өткөрө берели. Качан ишке өтөбүз?

12.05.2021 09:50
1334
Шайлоолорду кайталап өткөрө берели. Качан ишке өтөбүз?

Кече 11-майда Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңешине өткөн шайлоодо 27 добушкананын жыйынтыктарын жокко чыгарды. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоого катышкан шайлоочулардын добуштарынын үчтөн бири жокко чыгарылса, анда кайра шайлоо болушу керек. Бул норма менен алганда Ош шаардык кеңешинин шайлоосу кайра баштан өткөрүлүшү керек болуп калды. Себеби анда 78 добушканада добуштар берилген эле.


Ошол эле убакта Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыктарына да кечеңдеп турат. Себеби, шайлоодон өтпөй калган партиялар өткөн партияларды добуштарды сатып алууга айыптап, нааразы болуп жатышса, өткөн партиялар дагы бири-бирине доомат артып отурат. Шайлоодон четтетилген «Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы» боюнча соттук териштирүүлөр да аягына чыгалек. Ушул себептерден улам борбор калаанын кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыгы чыкпай турат. Кыязы, бул кеңештин шайлоосу деле жокко чыкканы калган сыяктуу. Себеби нааразычылыктар өтө эле көп.


Ал эми 3-майда Токмок шаардык кеңешинин шайлоосу жокко чыгарылган. Буга себеп шайлоочулардын бир эле үйгө «үймөлөктөшө» катталып алганы болгон.


Айтор, жергиликтүү кеңештердин шайлоосу эгемендүү тарыхыбызда биринчи ирет өз убагында жыйынтыгы чыкпай турат. Ал эми алдыда парламенттик шайлоону өткөрүү да милдети бар. Эгерде Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоо да жокко чыгарылып, кайрадан өтүшү керек болсо, ага кошумча Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин шайлоолору өтсө, БШК күздө өтө турган парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярданып жетишеби? Шайлоолорду өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттин аз эмес акча сарпталат. Ошондо Ош менен Токмок шаардык кеңешиндеги шайлоолорду өткөрүү үчүн сарпталган бюджеттин каражаты жөн гана коромжу болду деп айта алабыз. Кайра өткөрүш үчүн дагы каражат сарпталат.


Андан кийин эле Жогорку Кеңештин шайлоосу үчүн каражат керек болот. Эгер өткөн жылдагы парламенттик шайлоо менен ушул жылдагы жергиликтүү кеңештердин шайлоолорунан сабак албай, андагы мыйзамсыздыктарды кайрадан кайталай турган болсок, анда Жогорку Кеңештин шайлоосу да өтө көп талаш-тартыштарды жаратат. Балким, аны да кайра жокко чыгаруу талаптары коюлат. Ошондо өлкөбүз кайра-кайра шайлоо өткөрүү менен алек болуп отура береби?


Мындай көрүнүш улана берсе, анда мындан ары бир дагы шайлоону эч ким тааныбай коет. Андыктан бийлик тарабынан катаал көзөмөл керек. Добуштарды сатып алуу аракеттери катталса, аларды ошол замат ачык эле көрсөтүп, ал партияларды шайлоодон четтетүү зарыл. Экинчи шайлоого катыша албай тургандай чара көрүлүшү керек. Бир эле үйгө ондогон, жүздөгөн шайлоочуларды каттап салган көрүнүштөр боюнча кылмыш иштери козголушу маанилүү. «Административдик ресурстарды колдонбойбуз» деген сөз иш жүзүндө далилдениши кажет.


Ал эми шайлоочулар өз добуштарын сатуу менен мамлекетке чыккынчылык жасап жаткандарын түшүнө турган убакыт келди. Акчага сатылгандардын депутаттардын деңгээлине, ишмердүүлүгүнө нааразы болгонго акысы жок. Шайлануучу да, шайлоочу да өтө чоң жоопкерчилик моюндарында илинип турганын түшүнүүсү зарыл. Экономикалык каатчылык, чек ара көйгөйлөрү, пандемия, саясий абалдын туруксуздугу сыяктуу көрүнүштөр туш-тараптан курчап турган маалда шайлоолордун да боткосун чала берсек, мамлекеттүүлүгүбүзгө коркунуч жаратабыз. Бизге, мамлекетке кайра-кайра шайлоо өткөрө берүү маанилүү эмес, азыр жогоруда саналып кеткен маселелерди чечүү үчүн иштөө маанилүү.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн