Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:10
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Шайлоону чагылдырууда ЖМКнын ролу жөнүндө коомдук диалог болду

21.08.2020 16:15
1011
Шайлоону чагылдырууда ЖМКнын ролу жөнүндө коомдук диалог болду

 

Шайлоо учурунда шайлоо кампанияларынын каржылануусун  чагылдыруудагы ЖМКнын ролу жөнүндө коомдук диалог болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 21-августта КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте “Шайлоо учурундагы шайлоо кампанияларынын каржылануусун  чагылдыруудагы ЖМКнын ролу” деп аталган коомдук диалог өткөрдү.  

 

Бул иш-чара Кыргызстандагы ПРООНдун жардамы менен, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо кампаниясын каржылоонун ачыктыгы боюнча билим берүү долбоорун ишке ашыруу алкагында өткөрүлдү.

 

Коомдук диалогдун башкы максаты – ЖМК жана Интернет-басылмалардын өкүлдөрү менен шайлоонун жыйынтыгынын ишенимдүү жана сапаттуу болушуна түздөн-түз жана бир топ таасир тийгизген шайлоо кампанияларынын каржылануусундагы маселелерди талкуулоо болду.

 

Катышуучуларга КР БШК төрайымынын орун басары А.Бегматов, ПРООНдун шайлоону колдоо программасынын улук кеңешчиси Ю.Шипилова жана “Жарандык платформа” коомдук фондунун жетекчиси А.Усупбекова кайрылышты.

 

БШК төрайымынын орун басары А.Бегматов шайлоо процессиндеги жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана Интернет-басылмалардын ойной турган чоң ролу тууралуу айтып берген.


“ЖМКлар шайлоочуларга аң-сезимдүү тандоого жардам беришет, шайлоо процессинин бардык кызыкдар тараптарынын ортосунда коммуникациялык функцияны аткарышат. Керек болсо ЖМК шайлоочуларга маалымат берип гана тим болбой, шайлоонун ачыктыгын, мыйзамдуулугун, жана аныктыгын да камсыз кыла алат”, - деген ал.

 

ПРООНдун шайлоолорду колдоо боюнча программасынын улук кеңешчиси Ю. Шипилова өз сөзүндө саясатта шайлоочу кандай тандоо жасай тургандыгына акча чоң роль ойной тургандыгын белгилеген.


“ЖМК жана Интернет-басылмалар саясый партиялар кандай каржыланып жаткандыгы, алар каражатты эмнеге коротуп жаткандыгы боюнча обьективдүү жана калыс маалымат берип туруулары абдан маанилүү. Бул шайлоочуларга аларга шайлоо кампанияларын каржылоодо кандай ыкманы кабыл ала алуу же кабыл ала алышпай тургандыгы боюнча толук картинаны ачып билүүгө жана кайсы саясый күчтү колдоо керектигин аң-сезим менен тандоого жардам берет”, - деген Ю.Шипилова.

 

“Жарандык платформа” коомдук фондунун директору А. Усупбекова демократиялык укуктук коомду, күчтүү жарандык коом курууда, өткөрүлүп жаткан реформалардын ачык-айкындыгын камсыздоодо жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу чоң экендигин белгилеген. Өзгөрүүлөр тууралуу, өлкөдөгү бардык көйгөйлөр тууралуу ошондой эле чечүүнү талап кылган бардык маселелер боюнча маалыматтарды жарандар ЖМК аркылуу алып турушат деп кошумчалаган.


“Шайлоо кампанияларынын каржылануусун талкуулоо биздин өлкөдө жакында эле пайда болду. Катышуучулардын көпчүлүгү  талапкерлердин шайлоо фонддорунун отчеттуулугу жана негизги концепциялары менен тааныш эмес. Ошондуктан бүгүнкү диалог саясый каржылоонун концепцияларын талкуулоо, бардык кызыкдар тараптар шайлоо кампанияларын каржылоонун негизги эрежелерин түшүнүүсү үчүн, шайлоо учурундагы талапкерлердин отчеттуулугунун так механизмдери бере турган ачык маалыматтар менен мониторинг кылуу билимин алса болот. Биздин журналисттик коомчулукта мамлекеттик саясатка жетүү жана жарандарга саясат жана акча тууралуу, каражаттын шайлоо жыйынтыгына таасири жөнүндө маалымат берүүдө мыкты мүмкүнчүлүктөр пайда болду”, - деген А. Усупбекова.


Спикерлер катышуучуларга айткан сөздөрүндө Жогорку Кеңешке шайлоону акыйкаттык менен чагылдыруудагы ЖМК ролу тууралуу, шайлоо кампаниясын каржылоо тууралуу, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун каржылануусунун ачыктыгы боюнча, шайлоону өткөрүүдө шайлоо фонддорунун каражаттарынын сарпталышынын түзүлүшү тууралуу кенен айтып беришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн