Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:42
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Шайлоону мыйзам чегинде өткөрүү бийликтен, добушту сатпоо шайлоочудан

10.08.2020 10:29
1512
Шайлоону мыйзам чегинде өткөрүү бийликтен, добушту сатпоо шайлоочудан

 

Өлкөбүздө кезектеги парламенттик шайлоонун өтөөрүнө эки айга жетпеген убакыт калды. Бул жолу да өлкө келечегин, элибиздин эртеңин тандай турган учурдун алдында турабыз. Ар бир шайлоочунун добушу өтө маанилүү. 


«Шайлоо таза өтпөйт, демократиялык жол менен болбойт» деген өңдүү жадыбалга айланып калган популисттик билдирүүлөр бул ирет да угулууда. Мындай билдирүүлөрдү ар бир шайлоонун алдында көтөрүп чыга берүү бизде көнүмүшкө айланды. Кыргызстан Борбор Азиядагы эң эле демократиялуу өлкө экенибизди айтып мактана калмайыбыз да бар, шайлоо жакындап калганда эле кайра тескери сүйлөп калабыз. Бирок, 2010-жылдан берки өткөрүлгөн шайлоолор ачык, таза, демократиялык жол менен ишке ашканын эл аралык аттуу-баштуу уюмдар да моюндаган. Мурунку советтик республикалардын ичинен Кыргызстанда өткөн шайлоолор алдаканча демократиялуу болуп келет. 


Кече 9-августта Белоруссияда президенттик шайлоо өттү. Ага аракеттеги президент Александр Лукашенко жана оппозициянын негизги талапкери Светлана Тихановская катышты. Шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы чыга баштаганда, ага нааразы болгон миңдеген эл көчөгө чыгып, түнү бою күч түзүмдөрү менен кагылышуу болгонун эл аралык ММКлар чагылдырды. Минскинин көчөлөрүндө ОМОНдун жүздөгөн жоокерлери нааразы болуп чыккан элге каршы тынбай кулак тундурган гранаталарды жардырып жатышты. Натыйжада ондогон адамдар кармалды, кагылышуудан өтө оор жаракат алгандар да болду. Алдын-ала чыгарылган жыйынтык боюнча Лукашенко 79,7%, ал эми Тихановская 6,8% гана добушка ээ болду. Белоруссиянын Борбордук шайлоо комиссиясы дагы деле жыйынтыгын чыгара элек. 


Демократиялык жол менен өткөрүлбөгөн шайлоонун үлгүсү ушундай болушу мүмкүн. Ал эми бизде 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо жарым сааттан кийин алгачкы жыйынтыктар чыгарыла баштаган. Баардыгы компьютерлештирилген. Жаңы заманбап шайлоо урнасы добуштардын санын азайтып, же көбөйтүп көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. 2015-жылдагы парламенттик шайлоо дагы дал ушундай демократиялык жол менен өткөрүлгөн. 


Демек, бизде шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого жол берилбейт. Жыйынтык бир гана шайлоочулардын реалдуу добуш берүүлөрүнө таянат. Эгерде өлкө келечегине кайдыгер болбосок, анда бул ирет добуш сатууга жол бербешибиз керек. 2000 сом, же 5000 сомго алданып добушубузду сата турган болсок, анда «шайлоо таза өтпөй калды» деп, же «татыксыздар келип алышты» деген сөздөрдү айтууга да моралдык жактан укуксуз болуп калабыз. Себеби, добушту өзүбүз берген болобуз. 


Бул ирет шайлоого аттанган саясий партиялардын курамына Толубай сынчынын көзү менен карай турган убакыт келди. Бар байлыгын дагы арттырууну көздөгөндөрдү эмес, куру чечендик менен элге жагынгысы келгендерди эмес, колунан иш келе турган билимдүүлөрдү, маданияттууларды, эң негизгиси мамлекетибиздин келечегин кызматка да, байлыкка да сатпай тургандарды электен өткөрөлү. 


Бийлик тарабынан шайлоону таза жана ачык өткөрүү милдети так аткарылса, шайлоочулар тарабынан туура тандоо болушу керек. Ошондо гана биз жаңылбайбыз.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн