Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабы вице-премьер-министр Максат Мамытканов жетектейт. Бул тууралуу Артем Новиков президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов менен жолугушуу учурунда айтты.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков президенттик шайлоону таза жана мыйзам бузуусуз өткөрүү үчүн бардык аракетин жасарын белгиледи.
Өз кезегинде Талант Мамытов президенттин милдетин аткаруучу катары өзүндө жана Новиковдо чоң жоопкерчилик турарын баса белгиледи.
Пикирлер (1)