Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 12:26
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну популисттер көтөрүп жатат, - Искандер Гайпкулов

14.04.2020 15:03
936
Шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну популисттер көтөрүп жатат, - Искандер Гайпкулов


Шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну популисттер көтөрүп жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Гайпкулов “Меди центр” мультимедиалык-маалымат агентигине маек берип жатып айтты.


Эл өкүлүнүн айтуусуна караганда азыр шайлоодон алда канча маанилүү иштер турат.  


“Азыр шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу тууралуу популисттер эле сүйлөп жатат, бул учурда карала турган маселе эмес. Азыр эң негизгиси карантинден эсен-аман чыгып алууну, анын көйгөйлөрүн чечүүнү ойлош керек. Парламент болсо боло бере турган нерсе. Мамлекетти көрүп жатабыз абалы азыр оор”, - дейт Гайпкулов.


Эгер коронавируска байланыштуу оор кырдаал күзгө чейин создуга турган болсо ошондо карасак болот деп кошумчалады эл өкүлү. 


"Күзгө чейин убакыт бар, азыр элди кантип кырдаалдан алып чыгып кетебиз, экономиканын приоритетин кантип аныктайбыз, бизнестер кантип жолго салынат ошону ойлошубуз керек. Болбогон шайлоону ойлонуп азыр кереги жок. Эгер күзгө чейин карантин болот десе анда башка кеп, бирок азырынча убакыт бар. Эгерде эл сыртка чыгып шайлоого катыша албаса, шайлоочуунун укугун унутпай, бул маселени караса болот. Мен ойлойм азыр өзгөчө абалдан этерек чыгып кетсек жеңиш ошол.”, - дейт депутат.


Буга чейин айрым саясатчылар парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу маселесин көтөрүшкөн. Ага коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам экономикалык жагдайлар кыйын болуусу мүмкүн деп жүйөө келтиришүүдө. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн