Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 07:29
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Шайлоонун эртеси: Ош шаарынын мэриясы жыл мыктыларын аныктоого киришти

30.11.2021 09:06
899
Шайлоонун эртеси: Ош шаарынын мэриясы жыл мыктыларын аныктоого киришти

Ош шаарынын мэриясы 2021-жылдын мыктыларын тандайт! Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы жарыялады.


Ош шаардык мэриясы жыл мыктыларын аныктоо төмөндөгү номинациялар менен аныкталат.


1. “2021-жылдын мыкты жаш журналисти”

2. “2021-жылдын мыкты жаш спортчу мырзасы” 

3. “2021-жылдын мыкты жаш спортчу айымы”

4. “2021-жылдын мыкты жаш ишкери” 

5. “2021-жылдын мыкты студенти”

6. “2021-жылдын мыкты куруучусу”

7. “2021-жылдын мыкты жаш жетекчиси” 

8. “2021-жылдын мыкты жаш акыны” 

9. “2021-жылдын мыкты жаш дарыгери” 

10.“ 2021-жылдын мыкты жаш блогери”

11. “2021-жылдын мыкты жаш мугалими”

12. “2021-жылдын мыкты жаш ырчы мырзасы”  

13. “2021-жылдын мыкты жаш ырчы айымы”

14. “2021-жылдын мыкты жаш мамлекеттик кызматкери”

15. “2021-жылдын мыкты студиясы”

16. “2021- жылдын мыкты жаш тамашоу оюнчусу” 


"Жыл мыктыларын аныктоо төмөндөгү критерийлер менен аныкталат:

Жыл мыктыларын аныктоо Ош шаарынын мэриясынын социалдык баракчасынан жарыяланып, андагы сунушталган талапкерлер эске алынып, (комментарий аркылуу сунушталган талапкерлер) эң көп сунушталган талапкердин документтери комиссия тарабынан кароодон өткөрүлөт;


Мында ар бир талапкер өзүнүн 2021-жыл ичиндеги конкреттүү жасаган эмгеги жана ийгиликтери менен бааланат, мурунку жылдардагы жасаган эмгеги бааланбайт;


Катышуучу талапкерлердин 2021-жыл ичи аткарган жумушунун жыйынтыгында алган сыйлыктары (Ардак грамота, төш белги ж.б) ырастуулугу комиссия тарабынан кароодон өткөрүлөт;


Жыл мыктыларына катышуучу талапкердин жашы 20дан 30 жашка чейин болуусу абзел",- деп айтылат маалыматта.


Эскертүү! 

1 номинацияга 1 гана талапкер ээ боло алат;

Мурунку жылдарда “Жыл мыктысы” номинациясын алган катышуучу кайрадан Жыл мыктысы боло албайт.



Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Сапарбек
Абдрахманов