Борбордук шайлоо комиссиясында жумушчу топтор түзүлүп, бүгүнкү күндөн тартып шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялардан документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу топ иштеп баштайт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен өткөргөн кеңешмеде белгилүү болду.
БШК төрайымы маалымдагандай, Жогорку Кеңешке шайлоо белгиленгенден кийин биринчи декадада шайлоого катышууну көздөгөн партиялар үчүн шайлоого катышуунун негизги маселелери тууралуу: талапкерди көрсөтүү жана каттоо, шайлоо фонддорун түзүү эрежелери, үгүт иштери жана талаш-тартыштар боюнча маалыматтык-түшүндүрүүчү окутуу семинарлары өткөрүлөт.
Шайлдабекованын айтымында, шайлоочуларга маалымат берүүнү кеңейтүү максатында talapker.shailoo.gov.kg платформасы иштелип чыгып, анда шайлоого катышкан партиялардын программалары, ар бир талапкер тууралуу маалыматтар, ошондой эле партиялардын шайлоо фонддоруна келип түшкөн каражаттар, алардын чыгымдалышы менен таанышууга мүмкүн болот.
«БШК парламенттик шайлоонун бардык катышуучуларына эркин саясий атаандаштык үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүп берет», - деп баса белгиледи Шайлдабекова.
Президент Сооронбай Жээнбеков саясий партияларга, шайлоочуларга, байкоочуларга жана массалык маалымат каражаттарына шайлоо мыйзамдарынын жаңычылдыктары жөнүндө маалымдоонун маанисине көңүл бурду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн